Жылдын мыкты мугалими — 2023
4-апрель күнү Түп райондук маданият үйүндө «Жыл мугалими — 2023» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды, деп билдирет Turmush гезитинин аймактык кабарчысы. Иш кагаздары, тест жана сабак өтүү боюнча 1 — турдан ийгиликтүү өтүшкөн 17 мугаалим финалдык сынакка катышты. Түп районунун акими Каныбек Адиев, райондук билим берүү кызматынын кесиптик бөлүмүнүн төрагасы Муратбек Сыдыков сынактын катышуучуларын куттукташып, ийгиликтерди каалашты. Катышуучулар калыстар тобунун алдында «Менин педагогикалык концепциям» боюнча чыгармачылык жактоо (презентация), мастер класс, интелектуалдык суроолорго жооптор жана өнөр таймаш (хобби) боюнча тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгы чыгарылып, төмөнкү мугалимдер жеңүүчү деп табылды. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден катышканардан баш байгени Шаршеке Султанов атындагы мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Лобзова Мария Юрьевна татыктуу болду. Килем менен бирге «Көгүлтүр Ысык — Көл» пансионатына 10 күндүк эс алууга жолдомо жана облустук сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Комментарии